super.kg logo

Бишкектеги унаа жуучу жайдан 27 жаштагы жаран Toyota Highlander унаасын уурдап кетти

 

Бишкекте унаа уурдоого шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 19-май күнү милицияга Т.К. аттуу борбор калаанын тургуну кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 01:15 чамасында Матыев көчөсүндөгү унаа жуучу жайдан Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткендигин билдирген.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалып, бир айга камакка алынган.

Уурдалган унаа арыз ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: