super.kg logo

Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков кайсы өлкөдө экени белгилүү болду

 

Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Түркияда түшкөн сүрөтүн жарыялады.

"Манаста чындык бар! Манас кыргыздын байыркысы, азыркысы, келечеги. Манас ата кыргызды сактаган, кыргыз баласы Манасты даңктаганга милдеттүү. Манасым дастаным, чексиз асманым! Акыйкат, чындык үчүн кайсы мезгил болбосун туу түбүндө тура алган, каршылашкан душманга айкырып найза суналган арбагы тирүү асылым. Төбөмдөгү пиримсиң, колдоп турган шеримсиң. Ааламды аралап атың даңктала берсин. Манас! Манас! Манас!", - деп жазды ал.

Ал сүрөт Стамбул шаарындагы Манас айкелинин алдынан тартылганын белгиледи.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан. Манасчынын кайсы өлкөдө экени буга чейин белгисиз болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: