Жалал-Абадда унаа өтүүчү жолдогу көпүрө кулады
Жалал-Абад облусундагы Шекафтар айылында унаа жолдогу көпүрө кулады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 25-майда кабарлашты.
Маалым болгондой, Чаткал районундагы Шекафтар айылында Ала-Бука-Шекафтар унаа жолунун 23-чакырымында унаа өтүүчү көпүрө кулап калган.
"Унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн айланма жол бар. Жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймактан комиссия тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Кошумча маалымат берилет", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.