super.kg logo

Абактагыларга баңгизат ташып жүргөн жашыруун канал аныкталды

 

Абактагы жарандарга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды жашыруун канал аркылуу жеткирип жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында абактардын бирине белгисиз буюмдарды өткөрүүгө аракет кылган шектүүлөр колго түшүрүлдү. Алар 1995-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну Ч.Т. жана 1993-жылы туулган Чүй облусунун тургуну К.А. (мурда соттолгон) экени такталды.

Кармалгандардын жанынан өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң түстөгү, скотчтолгон 4 даана белгисиз зат алынган. Ошондой эле уюлдук телефондор, банк карталары жана паспорттор табылган. Кийин соттук-химиялык экспертизалардын жыйынтыгында белгисиз зат салмагы 2 килограмм 147 граммга жеткен кара куурай чайыры (гашиш) экендиги аныкталды.

Кошумча тергөө иш-амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн 2002-жылы туулган М.К. жана К.Р. аттуу шериктештери да аныкталып, колго түшүрүлгөнү маалымдалды. Алардын үйүнөн да гашиш заттары табылды.

Учурда кармалгандардын бардыгы Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине жеткирилип, кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: