Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институту тараткан маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:53 чамасында Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Облустагы Кетмен-Төбө шаарчасында, Бор-Дөбө жана Көк-Бел айылдарында 2 баллдык жер силкинүү сезилген. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор жок экендиги кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.