super.kg logo

7-класстын окуучусун урган мугалимдин окуясы: Министрлик комиссия түзүлгөнүн маалымдады

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу кызга кол көтөргөн мугалимдин иши боюнча комиссия түзүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду. Министрликтен белгилешкендей, түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү эртең окуя болгон мектепке барышат.

"Окуя Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинде 23-майда орун алган. Анда информатика сабагынан мугалим 7-класстын окуучуларына сабак берип жаткан. Учурда Сузак РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлдү. 26-майда комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: