super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев ага каршы чыккан орун басарлары тууралуу: "Уяттары болсо өздөрү эле кызматтан кетишет"

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келип, учурда жумуш ордунда. Мындай маалымат министрдин өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Аларды министрлер кабинетинин төрагасы кетире алат. Мен жумуштан кетире албайм. Мен жумушка келдим. Алар менен жолугушуп калсам күлүп коём, башка эмне кылмак элем. Алар эми уяты болсо өздөрү эле уялып кетишет. Мен иштеп, реформаларды кыла берем", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары чукул маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Анда Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетирүүнү суранышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: