super.kg logo

"Пошёл ты!". Сузакта окуучу кыз менен мугалимдин жаңжалы башталган видео тарады

 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийин окуянын кандайча башталганы боюнча видео тарады.

Жарыяланган видеодо мугалим окуучуну урушуп, аны окуу бөлүмүнүн башчысына алып барам деп айтканын угууга болот. Ал эми кыз отурган жеринен туруп, мугалимге кыйкырып сүйлөй баштаган.

Мындан тышкары видеодо мугалимдин кызы тууралуу дагы сөз болгон.

"Менин кызыма такыр сөз тийгизбегиле. Биринчи кезекте ошондой болуп алгыла. Эмне көрө албай жатасыңарбы?", - деп мугалимдин айтканын угууга болот.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду. Андан кийин окуучуга кол көтөргөн мугалим ооруканага жаткырылганын SUPER.KG порталына мектеп директору билдирди.






Сузакта мугалим менен окуучунун жаңжалы башталган видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: