"Бир жыл акча чогулттук". Ырчы Айпери Кубик кызы ак өргөлүү болду



Ырчы Айпери Кубик кызы ак өргөлүү болду. Мындай маалымат ырчынын өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү үйлүү болдук. Сахнадан алыстап кеткем, бирок жараткан ырыскысын бере берет экен. Үйгө көчүп кирдик. Бирок азырынча ашкананы гана жасоого үлгүрдүм. Үйгө эмеректерди буйрутма берип койгом, күтүп жатабыз. Аял киши акча чогултса да көрүнүп калат экен. Бир жыл топтогон акчага алдык. Негизги кирешени жарнамадан таптым десем болот. Куттуктаган ар бир инсанга ыраазычылыгымды билдирем. Бул экинчи үйүбүз. Үйү жоктор үйлүү болсун" - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.