super.kg logo

"Баарынан кечирим сурайм". Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим билдирүү жасады

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте окуган окуучуга кол көтөргөн мугалим билдирүү таратты. Анда ал буга чейин бир да окуучуга кол көтөрбөгөнүн айтат.

"Кадимкидей эле балдар менен саламдашып, сабакка кирдим. Н.А. деген кыз арткы партада отурчу. Ал сабакка көңүл бурбай, телефон менен алаксып отуруптур. Аны менен кошо класстагы балдар да телефонго үйүлүп кетишти. Башында эскертүү бердим, бирок ага карабай ызы-чуу болуп сүйлөй беришти. Дагы бир жолу эскертсем, ал кыз мага каяша айта баштады. Ага ачуум келип, кичине уруштук.

Менин кызым да ушул класста окуйт, ал экөө дагы урушуп кетишти. Чындыгында өзүмдү кармай албай ал кызды уруп салдым. Мындай окуя буга чейин да 3-4 жолу болгон. Кыздардын арасында мугалимдин кызы болсоң эле кыйын боло бересиңби деген түшүнүк бар экен. Кызым да башка кыздар ушинтип жатышат деп көп эле жолу айтып келчү. Бирок кызыма такыр болушкан эмесмин, жөн гана окуучуларга түшүндүрүү ишин жасагам", - деди ал.

Мугалим окуучуга кылган аракетин туура эмес деп эсептейт.

"Ошол күнү эле кыздын ата-энесинен кечирим сурап, өз ара баарын сүйлөшкөнбүз. Кыз менен да сүйлөштүк.

Эртеси кыз сабакка келип, жакшынакай эле сабак өттүк. Үчүнчү күнү видео тарады. Видеону тарткан кызды байкабай калыптырмын. Окуучулардан жаңжалды ким видеого тартканын сураштырып, видеону өчүргөнбүз. Бирок ага чейин эле ал видео социалдык тармактарга таркап кеткен экен.

Бул кылганым туура эмес болду. Баарынан кечирим сурайм", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: