super.kg logo

Сузакта мугалим тарабынан сабалган кыз окуя тууралуу айтып берди

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте мугалими тарабынан сабалган кыз окуя тууралуу "Регион" телеканалына айтып берди.

"Эже класска киргенде эле бир кыз менен урушуп кетти. Ал арада мага бир бала тийишип, карандашымды алып кетип калды. Эжеге айтсам көңүл бурбай койду. Ал баладан карандашымды алып келе жатсам эженин кызы сөгүнүп, мага кыйкырды. Мен да аны менен уруша кеттим. Ошентип эже мага кыйкырып, үй-бүлөмө асыла баштады. Ортодо уруша кеттик. Андан соң эже мени уруп баштады", - деген ал.

Сабалган кыздын айтымында, ал ата-энесине бул окуя боюнча эч нерсе айткан эмес, бирок кошуналары апасына айтып коюшкан.

"Сабакка барган күнү мугалим эже мени коридорго чыгарып алып, менин да күнөөм бар деп айтып койчу деп жалынды. Ошондой эле видеону да өчүрүп коюшумду суранды. Бирок видео таркап кеткенин айттым. Ал күнү эже кайра-кайра жүгүрүп, мага жалынып жүрдү", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: