super.kg logo

Нур-Султан шаарына Манастын, кийинки жылы Чыңгыз Айтматовдун айкелдери орнотулат

 
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев жолукту. Анда кыргыз-казак элинин ортосундагы маданий алакалар жана мындан ары кызматташуунун жаңы багыттары тууралуу пикир алмашуу болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азамат Жаманкулов 2021-жылы Казакстандын маданият күндөрү Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөнү белгиленип, казак маданий өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары 2022-жылы Кыргызстан ушундай эле маданий күндөрдү Казакстанда өткөрүү үчүн камданып жатканын айтып, мыкты маданий программа менен бара турганын кошумчалады.
Ошондой эле 2022-жылы Манастын, 2023-жылы Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата алардын айкелин Нур-Султан шаарына орнотуу боюнча маселелер талкууланды.
Ал эми бүгүн, 26-майда Казакстандын улуу акыны, ойчулу, агартуучусу жана коомдук ишмери Абай Кунанбаевдин айкели Бишкек шаарында ачылды.
Жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында бир катар пландар талкууланып, аны ишке ашыруу биргеликте боло турганын макулдашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: