super.kg logo

Бишкекте айып короодо турган унаалардын күйүшүнүн алдын ала себеби айтылды

 
Бишкектеги Максим Горький көчөсүндөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып короосунда турган унаалар өрттөндү. Буга байланыштуу республикалык башкы башкармалыктан айдоочуларга жана унаа ээлерине кайрылуу жасашты.
"Күндүн аптабында транспорт каражаттарынын ичинде күйүүчү, ысыкта жарылуучу (зажигалка, батарея, бөтөлкөдөгү суулар) заттарды калтырбоону эскертебиз", - дешти мекемеден.
Ошондой эле айып короосундагы унаалар күйүп кеткен факты боюнча териштирүү иштери башталганын кошумчалашты.
октоп турган унаалардын биринен өрт чыгып, анын кесепетинен жалпы 4 унаа күйдү. Алдын ала маалымат боюнча, Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын салонунан өрт тутануу болуп, кыска убакыттын ичинде өрт күч алып, катарлаш турган унааларга өткөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы тартылып, тез арада өрт өчүрүлдү. Бул факты каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: