2014-жылы ӨКМ, ИИМ, өрт өчүрүү жана ички куралдуу күчтөрдүн айлык маянасы жогорулайт
Бишкекте бүгүн, 29-январдагы КСДП
фракциясынын жыйынында Замир Алымбеков Каржы
министрлигине Ички иштер министрлигине бөлүнгөн каражаттын жетишсиздиги тууралуу айтты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Ички иштер министрлиги кызматкерлерин керектүү нерселер
менен камсыз кылуу үчүн аз өлчөмдөгү сумма сурашат. Силер аларды чөгөлөткөн
жоксуңар, тепсеп жатасыңар. Азыркы тапта жарандардын коопсуздугу, тартип ички
иштер органдарында иштегендердин моюнунда. Бөлүнгөн каражат күнүнө бир унаага 3
литр бензин куюуга жетет экен. Жакшы унаа үчүн бул май кышында машинени
жүргүзгөнгө эле жетет”,- деди Алымбеков.
Сөз алган Каржы министри Ольга
Лаврова 2014-жылы ӨКМ, ИИМ, өрт өчүрүү жана ички куралдуу күчтөрдүн маянасы жогоруларын айтты. “Бул үчүн 2 миллиард 100 миллион сом керек.
Мамлекеттик органдардын бардык суроо-талаптарын аткаруу кыйын. Акча дайыма аз
экендигин билесиздер”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

