super.kg logo

Республикалык экспертизалоо борборунун кызматкери опузалап акча талап кылганга шектелүүдө

 
Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкери опузалап акча талап кылганга шектелип кармалды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, адисти кармоо учурунда жанынан 14 миң сом алынган.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, экспертиза борборунун кызматкеринин үстүнөн 3-февралда арыз түшкөн. Анда Нарын районунун тургуну Бишкектеги медициналык-социалдык экспертизалоо борборунда иштеген кызматкер 14 миң сом каражат талап кылганын айткан.
Бул окуяда 208-берененин 1-бөлүмүнүн белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголгон.
"Атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 16-май күнү Нарын облустук биргелешкен оорукананын короосунда Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкери 14000 сом алып жаткан учурда Нарын ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды.
Кармалган адис 45 жаштагы А.К. экени, Бишкек шаарында убактылуу жашап жатканы такталды. Нарын шаардык соту тарабынан шектүүнүн кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылды.
Ал эми арыз ээсинин 18 жаштагы кызынын оң кулагынын угуусу тубаса начар болгондуктан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мындан сырткары анын акыл-эсин текшерүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда", - дешти маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: