Саламаттыкты сактоо министрлигинде үч адам кызматынан кол жууду
Саламаттык сактоо министрлигинин үч бөлүм башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Алар коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова, юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев жана өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраева.
Кызматкерлер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.