super.kg logo

29-майда Бишкектеги дагы бир көчө июлдун аягына чейин жабылат

 

29-майдан тарта Бишкектеги Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, аталган көчөдө оңдоо иштери жүрүп, чарбалык курулуштар жана тосмолор бузулат. Ошол эле учурда Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

"Оңдоо ишин ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Урматтуу жарандар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: