super.kg logo

Өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн жаранды үй камагына чыгарган судья кызматтан кетти

 

Чүйдүн Москва райондук сотунун судьясы Арстанбек Аскарбеков өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулду. Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, арыз бүгүн, 27-майда келип түшкөн.

"Судья өз арызында Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде каралган кылмышты жасаган деп айыпталган К.С`га карата чыгарган чечими (анын чечими жабырлануучунун жаш курагын жана аракеттердин мүнөзүн эске алуу менен чыгарылганын белгиледи) коомчулуктун нааразылыгын жаратып, сот бийлигине карата сын-пикирлердин толкунун жаратканын белгилеген. Мындан улам судья Арстанбек Аскарбеков өзүнүн иш-аракети сот бийлигинин беделине терс таасирин тийгизерин түшүнүп, коомдо терс талкууну улантууга жол бербөө максатында ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун төрагасы арызды кабыл алып, Арстанбек Аскарбековду ээлеген кызматынан бошотту", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Кийинчерээк Чүй ОИИББи бул жорук Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (адепсиз жоруктар) менен каттоого алынганын, сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылганын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: