Улуттук банк доллардын курсу суроо-талапка жараша аныкталарын билдирет

"Улуттук банк АКШ долларынын сомго карата курсу чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныкталарын белгилейт, күнүмдүк турмушта алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү күндө байкалат. Ушуга байланыштуу валюталар курсу бир күн, жума, ай ичинде жогорулап же төмөндөп турушу мүмкүн.
Ошондой эле валюталар курсунун өзгөрүп турушу табигый көрүнүш жана ал дайыма эле Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кыла бербейт.
Валюта рыногунда суроо-талаптын же сунуштун жогорулашы менен байланышкан алмашуу курсу кескин өзгөргөн мезгил ичинде Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат", - дешти маалымат кызматынан.
Улуттук банк 2022-жылдын башынан тартып 26-майга чейин 284,30 миллион долларды сатуу (анын ичинен 66,65 миллион доллар накталай түрдө сатылган), 46,45 миллион долларды сатып алуу боюнча интервенция өткөрдү.
Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга дайыма көз салып турат жана акча-насыя саясатына ылайык оперативдүү негизде кийлигишүүгө, тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экенин белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.