super.kg logo

Кыргызстанда көрсөтүлбөй турганы айтылган орус телеканалдары боюнча министрлик үн катты

 
Орусиянын айрым телеканалдары Кыргызстанда убактылуу көрсөтүлбөй турганын "Акнет" компаниясы маалымдаган. Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үн катты.
"Кыргызстандагы санариптик эфирдик берүү үчүн телеканалдардын социалдык пакети, калктын маалыматка, ошондой эле бардык социалдык топтордун маалыматтык муктаждыктарын эске алуу менен өлкөнүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясына чет өлкөлүк тармактык өнөктөштөр менен иштөө үчүн эки орун бөлүнгөн ("Биринчи канал. Бүткүл дүйнөлүк тармак" (ОРТ) жана "РТР-Планета"). Буга байланыштуу орусиялык эки телеканал Кыргызстандын аймагында ачык жеткиликтүү көрсөтүлөт.
Ошол эле учурда "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ар бир телерадиоберүү керектөөчүлөр үчүн телекоммуникациянын техникалык каражаттарды өз алдынча түзөт жана таркатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Акнет" ишканасына "Россия культура", "Россия 24" жана "Звезда" телерадиоканалдарды аналогдук берүүгө жана радиоуктурууга жайгаштыруу укугуна уруксат берген. Тагыраагы, колдонулган технологияларга карабастан санариптик берүүнүн пакетинде жана алар аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында берүү министрлик тарабынан чектелбейт", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: