super.kg logo

Ош облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп, 20дай үй-бүлө туугандарыныкына көчүрүлдү

 

Ош облусунда нөшөрлүү жаан-чачындан улам бир катар аймактарда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Ошондой эле электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 27-майда саат 19:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндө кокту-колоттордон келген сел суулар Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптап, 1 турак үйгө суу кирди (кум аралаш масса каптаган) жана 18 турак үйгө кооптулук жаралды. Турак үйлөрдүн тургундары туугандарыныкына көчүрүлдү. Ошондой эле Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жана 20 турак үйдүн короосун каптаган.

Ал эми саат 20:15 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган. Ошондой эле Ылай-Талаа айылында "Суу чарба башкармалыгынын" балансындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айылдарында электр жарыгы өчүп, райондук электр тармактар ишканасы тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, аким жана алардын орун басарлары тартылган. Кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: