Нөшөрлүү жаан-чачындан улам Жалал-Абад облусунда да сел жүрдү



Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунда да сел жүрдү. Анын кесепетинен жолдун айрым жерлери жабылып калды дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Маалым болгондой, 27-майда саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптаган.
Андан сырткары Топ-Жаңгак-Кызыл-Көл унаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп жолду жаап калган. Белгиленген аймакка Аксы районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.