super.kg logo

Таласта никеге эрте турууга каршы иш-чаралар өткөрүлүүдө

 

Таласта балдар менен иштөө инспекторлору никеге эрте турууга каршы иш алып барууда. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери ата-энелерге кыздардын укуктарын коргоо милдет экендигин эскертишти.

Белгилүү болгондой, Атай Огонбаев айылындагы орто мектепте балдар менен иштөө инспекциясы бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү.

"Анда эрте никелешүүнүн терс жактары, кыз ала качуу кылмыш экендиги айтылып, балдардын билимге болгон умтулуусун арттыруу керектиги белгиленди. Окуучулар атайын ушул темада өздөрүнүн демилгеси менен презентация уюштуруп, кыз ала качуу адамдын эркине каршы кылмыш болгонун жана алар билим алып, зордук-зомбулуксуз өз каалоолору менен бактылуу турмуш кургулары келгендигин билдиришти. Презентациянын жүрүшүндө кыргызда зордук-зомбулук көрсөтүү болбогонун, ата-эненин балага камкордугу, улуттук намыс бийик турары айтылды", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: