super.kg logo

Бишкекте Хонда Фит унаасын айдап качкан жаран аныкталды. Милиция жабыркагандар болсо кабар берүүнү суранат

 
Бишкекте унаа уурдоого шектелип 30 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Свердлов РИИБден кабарлашкандай, уурдоо фактысы февраль айында катталган.
Шаар тургуну милицияга кайрылып, 22-февралда саат 06:30 чамасында токтоп турган Хонда Фит унаасын айдап кеткендерге карата чара көрүү өтүнүчүн келтирген.
Бул факты 211-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми унаа ээсине кайтарылды.
Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар, жогун аныктоо боюнча териштирүүлөр улантылууда.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 550 102-609, 0 708 40-55-80, 0 312 43-28-15 же 102.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: