super.kg logo

Апасына болушам деп жаранды бычактаган өспүрүмгө министрлик тарабынан жактоочу берилет

 

Бишкекте апасына болушам деп кол салган жаранды бычактаган өспүрүмгө Юстиция министрлиги тарабынан жактоочу берилет. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.

Андагы маалыматта 16 жаштагы өспүрүм камакка алынганда сот тарабынан жаза чарасын тандоо маселесинде жеке адвокат иш алып барган деп айтылат.

"Мамлекет тарабынан бул иш боюнча жактоочу дайындалган эмес. Шектүүнүн мыйзамдуу өкүлүнөн Юридикалык жардам кызматынын дарегине квалификациялуу юридикалык жардам алууга эч кандай арыз түшкөн эмес (себептери жөнүндө иликтөө жүргүзүлөт).

Бүгүнкү күндө Юридикалык жардам кызматтын координаторлору шектүүнүн апасы менен байланышып, жактоочунун жардамын сунушташты. Өспүрүм юстиция боюнча адвокаттардын Балдар үчүн адистештирилген реестринен мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам алат.

Бул иш Юстиция министрлигинин көзөмөлүнө алынды", - дешет маалымат кызматынан.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ар бир жаран жазык органдары тарабынан кармалган учурдан тартып мамлекеттин эсебинен адвокаттык жардам алууга укуктуу.

Жактоочуну дайындоо кызматтын координаторунун чечими менен тиешелүү арызды алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат. Жардам алуучу (анын жакын туугандары) координаторго арыз менен түздөн-түз же белгиленген тартипте жазык органдары же сот аркылуу кайрылууга укуктуу.

Белгилей кетсек, өспүрүм бала ден соолукка залал келтиргенге шектелип кармалып, соттун чечими менен Чүй облусундагы №14 балдар колониясына бир айга камакка алынган. Кийинчерээк укук коргоочу шектүү коё берилиши керектигин айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: