super.kg logo

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 23 жыл толду

 

Бүгүн, 28-майда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 23 жыл толду.

Буга байланыштуу Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган УКМКнын жана Чек ара кызматынын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Чек ара кызматынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, "Чек арачы жоокер" айкелине гүлчамбар коюлду.

Белгилей кетсек, бул күн 1999-жылдын 28-майында чек ара кызматынын макамын жогорулатуу жана анын ишин жакшыртуу максатында президенттин жарлыгы менен бекитилген.

Өлкөнүн чек ара кызматы алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин курамына кирип, андан соң өз алдынча мекеме болуп өзгөргөн.

Ал эми 2020-жылы кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: