super.kg logo

"Бүгүн, эртең бардык дүкөндөр кумшекер менен камсыздалат". Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

 

Өлкөдө кумшекердин жетишсиздиги жана баалардын жогорулашы боюнча Айыл-чарба министрлиги билдирүү жасады. Мекемеден кабарлашкандай, республикада кумшекер жетиштүү, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок.

Маалым болгондой, 27-майда Бишкектеги гипермаркеттер чекене сатуу үчүн 50 тонна кумшекер алышты. Ошондой эле кичинекей сатуу пункттарына да жеткирилди.

"Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө кумшекер менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат. "Кайыңды-Кант" заводу чийки заттын жоктугунан кант өндүрүү боюнча иштерди бир нече күн аткара албагандыгын маалымдайбыз. Бул Орусиянын деңиз портундагы чек аранын жабылышына байланыштуу болгон. Бирок маселе чечилип, чийки заттын керектүү көлөмүн завод кабыл алып, кечээтен баштап кант өндүрүлө баштады.

Бүгүн жана эртең бардык дүкөндөр кумшекер менен камсыз болушат. Эскерте кетсек, канттын 1 килограммы үчүн 79 сом өлчөмүндөгү социалдык баа белгиленген. Эгер сиз 1 килограммдан ашык сатып алууну пландаштырсаңыз анда баасы 85 сомду түзөт.

Азыркы учурда кантты Кыргызстандын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору демилгеленүүдө. Мындай чектөө күчүндө, бирок кантты ЕАЭБдин чегинен тышкары чыгарууга болбойт", - дешет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: