super.kg logo

Президенттин Оштогу өкүлү сел кесепеттерин жоюу иштерине 100 миң сом каражат бөлдү

 

Бүгүн, 28-май күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Өзгөн районунун селден жабыркаган айылдарына барып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы селдин кесепеттерин жоюу иштерине 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүп берди.

"Кечээ жүргөн селдин кесепетинен 5 турак үй кооптуу деп табылып, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Учурда райондук жарандык коргонуу штабы жана ӨКМ кызматкерлери жеринде тиешелүү жумуштарды алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 27-май күнү саат 19:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: