super.kg logo

Куралдуу Күчтөрдүн 30 жылдыгына карата президент 5 аскер кызматкерине ыраазычылык билдирди

 

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы тематикалык сүрөт көргөзмөсүн жана ок атуучу куралдардын, инженердик жабдуулардын жана радиостанциялардын көргөзмөсүн кыдырып чыкты. Ошондой эле өз сөзүндө куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин мааракелик дата менен куттуктап, эгемендүүлүк жылдарында армиянын жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү боюнча пландарды белгиледи.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби, күжүрмөн даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн 30 жылдыгына карата президенттин атынан төмөнкү аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди:

- полковник Мурат Оторовго;

- подполковник Эрмек Асановго;

- капитан Бакытбек уулу Нурсейитке;

- капитан Кубатбек уулу Бексултанга;

- ага лейтенант Адылбек Кочкоровго.

Иш-чара ата мекендик эстрада артисттеринин майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: