super.kg logo

Митингге чыккан соодагер: "ККМ аппаратын алып салышсын, патент менен эле иштейли"

 

Өкмөт үйүнүн алдында кичи бизнес ээлери митингге чыгышты. Алар контролдук кассалык аппарат орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранып чыгышкан.

Нааразычылык акциясына Төмөнкү Ала-Арча айылынан келген Эркингүл Кадырова аттуу соодагер SUPER.KG порталына өз оюн бөлүштү.

"Азыркы тапта салык кызматкерлери келип товарларыбызды саттырбай, алып салып жатышат. Биз дүкөндү ижарага алып иштетебиз. Ага карабай патент төлөйбүз, күзөтчүгө, электр жарыгына да төлөйбүз. Ага кошулуп мөөнөтү өтүп кеткен товарлар болот, ошонун баары эле чыгаша да. Мыйзамды бардык чыгашаны карап чыгып анан чыгарышса болмок. Эсеп фактурасы менен келген товар кымбат болот экен, 12 пайыз менен кымбат келип жатат. Биз анын үстүнө өзүбүз үстөк пайыз кошобуз. Муну менен элди эле кыйнап жатабыз. Товар кымбат болсо каяктан соода болот?! Биз элди багабыз, Төмөнкү Ала-Арча айылында көбүнчө карапайым адамдар жашайт. Товардын көбүн карызга алышат, 2-3 айлап бербегендер бар. Анан дагы бизди алдап кеткен адамдар толтура. Биз өзүбүз да ушул соода менен үй-бүлө багабыз, балдарыбызды окутабыз, өзүбүз ичип-жейбиз. Ошонун баарын эске алыш керек болчу. Биздин талап ККМ аппаратын, эсеп фактурасын алып салышсын. Биз патент төлөп эле иштейли", - дейт сатуучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: