super.kg logo

"Ата, сизди сагындым, жаныңызга баратам". Ошто 15 жашар окуучу өз жанын кыйды

 

Ош облусунун Ноокат районундагы айылдардын биринде 15 жаштагы окуучу өз үйүнөн асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында 15 жаштагы өспүрүм үйүндө асынып алган. Аны апасы Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Андан соң милицияга кабар берилген.

Аталган маалымат Ноокат РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган айылдын 7-классынын окуучусу 2007-жылы туулган В.А. "Ата, сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам" деген мааниде кат жазып калтырып, өзүн-өзү асып алган. Маркумду алгач апасы көрүп калып, ошол замат жибин чечип Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган. Учурда окуучунун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: