Украинада каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү жерге берилди









Бүгүн, 30-майда Украинада каза болгон Орусиянын жоокери, теги кыргызстандык Сыргакбек Өзүбеков кичи мекени Жалал-Абад шаарында акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Орусиядан маркумду жеткирип келген аскер кызматкерлери, ата-энеси, туугандары жана тургундар катышты.
Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта. Ал Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирин аяктаган соң Орусияга иштөөгө барып, жарандык алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.