super.kg logo

"Азовсталь" заводунда фургондон 152 адамдын миналанган жансыз денеси табылды

 

Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводун текшерүү учурунда 152 миналанган украин аскерлеринин өлүгү бар фургон табылды. Мындай маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан.

Маалыматка ылайык, орусиялык генерал-майор Игорь Конашенков жансыз денелер Киевдин көрсөтмөсү боюнча Орусияны сөөктөрдү атайылап жок кылган деп айыптоо үчүн миналанганын билдирген.

"Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" металлургиялык заводунун жер астындагы курулуштарын текшерүү учурунда изотермикалык фургон табылган. Анын ичинен 152 каза болгон согушкерлердин жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин сөөгү табылган. Жансыз денелер муздаткыч системасы бузулган фургондун ичинде сакталышкан", - деген Конашенков.

Анын билдиришинче фургонду кароо учурунда орусиялык сапёрлор каза болгон украиналык аскер кызматкерлеринин сөөгүнүн астынан төрт мина табышкан. Табылган миналар жарылса фургондогу сөөктөрдүн бардык калдыктарын жок кылмак.

Ошондой эле Конашенков жансыз денелерге миналар Киевдин түздөн-түз буйругунун негизинде коюлганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: