super.kg logo

Бишкекте спирт ичимдигин ичип алган 33 жаштагы аял Мерседес менен башка унааны сүздү

 

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү болжол менен саат 17:30 чамасында 33 жаштагы У.Э. аттуу жаран Мерседес-Бенц 240 унаасын жогорку ылдамдыкта жана каршы тилкеге чыгуу менен башкарып бара жатып, Баялинов көчөсүнүн кесилишинен 64 жаштагы С.А. аттуу жаран башкарып бара жаткан Хонда-Акура үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.

"Катталган жол кырсыгынан Хонда-Акура унаасынын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Текшерүү учурунда Мерседес-Бенц 240 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экендиги аныкталган. Ал буга чейин да мас абалында унаа айдап баратканы үчүн кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулган.

Учурда унаа айып короо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: