super.kg logo

Төкмөлөрдүн төрөсү Замирбек Үсөнбаевге шакирттери аргымак мингизишти

 
Кыргыз менен казакка атагы чыккан, алтын көмөкөй, төкмөлөрдүн төрөсү, эл акыны Замирбек Үсөнбаевге жалпы улуу-кичүү төкмө акындар аргымак мингизишти. Тапшыруу "Манас" театрынын короосунда, театр ишмерлеринин коштоосунда болду.
Анда Кыргыз Эл акыны Аалы Туткучев устатына аманчылык каалады.
"Күлүк минген киши күүлөнөт, күүлөнгөн киши сүйлөнөт. Дайыма ырдап, эл алдында ат минип эсен жүрүңүз. Кудай Таалабыз сизге узун өмүр берип, төрүбүздө түндүгүбүз сыяктуу бийик болуп, биз үчүн ыйык болууну насип кылсын. Улуу муун менен кичүү муундун ортосун байланыштырган алтын көпүрөсүз, ошол көпүрөлүгүңүз бекем болсун! Бар болуңуз!", - деди ал.
Ал эми Замирбек Үсөнбаев шакирттерине ыраазы болуп, батасын берди.
"Дал ушул күнгө буйруптур... Балдарым, мингизип турган атыңар. Мени дайым сыйласаң, Кудайым силерди сыйласын, жүзгө жетсин жашыңар. Менин берген батам ушул - жолуңар дайым кең болсун, телегейи тең болсун. Ар бир ушул жерде турган жигит, Ала-Тоо кыргыз элинин ар-намысына жараган, атагы чыккан эр болсун. Баарыңардын бактыңар тээтиги агарып турган чоку сымал, Ала-Тоо менен тең болсун", - дейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: