super.kg logo
  Саясат  

"Какшатып бүттүңөр го, садагалар". Депутат Лейлектеги посттор дыйкандарга тоскоолдук жаратып жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Лейлек районундагы посттон жер семирткичтер өткөрүлбөй, дыйкандарга маселе жаралганын айтты. Айтымында, бул көрүнүш 24-майдан бери уланууда.

"Какшатып, кайра-кайра айткандан пайда чыкпай турган болду. Ошондуктан бул өлкөдө мыйзам жок, бул өлкөдө бийлик жок деп айтып атам. "Жаздын бир күнү кыштан чыгарат" дегендей, биз быйыл дыйкандарды канчалык эзип жатканыбызды билбей жатабыз. Баткендин Кулунду айылынын тургундарынан кайра-кайра кайрылуу келип жатат. Анда жер семирткич бүтүндөй буулуп калган. Бул пост дегениңер тойбой койду. Президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү "бүгүн чекит коём, бүгүн чекит коём" деп жатат. 24-майдан бери ушундай абал.

Айыл чарба министрлигинин жеткирилиши керек деген жообу турат. Дыйкандарды какшатып бүттүңөр го, садагалар. Ушул жерде отурган депутаттар дыйкандар бар деген болсо бүгүндөн калбай министрди, УКМКнын, Бажы кызматынын төрагаларын чакырышы керек.

Элдин канын какшатып бүттүңөр. Айыл башчы кимге канча жер семирткич керек экенин жазып какшап жатса да, посттон өткөрбөйбүз деп жатышат. Жазгы талаа жумуштары бүттү, жай башталып калды. Эртең элди ким багат? Ушул маселени күн тартибине кезексиз киргизип, тийиштүү кишилерди чакырбасак, жайды жайлай бийлегендер, кышында калчылдап ыйлаганын көрүп жатабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: