super.kg logo

Жалал-Абадда балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди (фото)

 

Жалал-Абад облусунда 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрдын алдында Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери ата-энелер жана өспүрүмдөр катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков келечек ээлерин майрамы менен куттуктап, жаштарды көбүрөөк билим алууга үгүттөп, «Билимдүү жаштар - өлкө келчеги” экендигин баса белгиледи.

Майрамдык иш-чарада балдар ”Менин өлкөм - Кыргызстан”, “Балдар - тынчтыкты каалашат” деген темада аянтка сүрөт тартуу жана спорттук мелдештерде күч сынашты. Андан соң “Ариет” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган “Жети улак” аттуу жомогу коюлуп, балдарга концерттик программа тартууланды.

Айта кетсек, кечээ, 31-майда шаардык мэрия ата-энесинен ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 300 баланы сейил бактагы аттракциондордо акысыз ойнотуп, таттууларды тартуулаган. Ал эми 600гө чукул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бийлик тарабынан майрамга карата 500 сомдон акча каражаты берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: