"Баары бекер". Ата-энелер "Алтын балалыкка" балдарын кантип жиберсе болот? Министр жооп берди
Чолпон-Ата шаарында ачылган "Алтын балалык" реабилитациялык борборунда бардыгы бекер болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.
"Өлкөнүн ар бир районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тактоо үчүн адамдар жөнөтүлгөн. Алар бизге тизмени түзүп, балдарды Саламаттыкты сактоо министрлигине алып келишет. Биз балдарды бул жакка алып келебиз", - деди Бейшеналиев.
Мындан тышкары министр реабилитациялык борбордо бардыгы бекер экенин белгилеп, борбор демөөрчүлөр тарабынан каржыланып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнда Чолпон-Ата шаарында "Алтын балалык" реабилитациялык борбору расмий түрдө ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.