super.kg logo

Ок атылса чочулабаңыз! Ош шаарында жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталат

 

Ош шаарында 18 адамды иттер тиштеп алган. Буга байланыштуу шаар аймагында жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталат. Маалыматты Ош шаардык мэриясынан кабарлашат.

Ош шаарынын санитардык эпидемиологиялык кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө белгисиз ит тиштеп алганы боюнча 18 жаран медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 14ү балдар.

"Балдарды көчөдө кароосуз калтырбаңыздар, өзгөчө кечинде этият болуңуздар. Учурда бардык жабырлануучулар дарыгерлердин кароосунан өтүп, консультация алып, аларга керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаардын аймагында эпидемияга жана эпизоотияга каршы тийиштүү иш-чаралар күчөтүлдү. Тактап айтканда, тиешелүү кызматтарга жолбун иттерди атуу боюнча рейддик иш-чараларды баштоо тапшырмасы коюлду.

Мындан сырткары ит ээлери атуу болгон учурда дооматы болбошу үчүн бардык тийиштүү сейилдөө чараларын, анын ичинде керектүү эмдөөлөрдү жүргүзүп, адамдарга кол салбоосу үчүн эрежелерди сактоого тийиш", - дешет мэриядан.

Белгисиз иттер тиштеген учурда тез арада "Тез жардам" кызматына (103), ошондой эле Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна кайрылуу керек. Байланыш номерлери: (03222) 4-85-97.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: