Ысык-Көлдө жайлоого кеткен жарандын сөөгү табылды. Ал сууга агып кеткен

Ысык-Көлдө сууга агып кеткен 40 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, маркум жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Белгилүү болгондой, Совет айылынын 40 жаштагы А.И. аттуу тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.
"1-июнда дайынсыз болуп жаткан жарандын минген аты Зындан айылынан тирүү табылган. Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө 7 куткаруучу тартылган.
Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришти. Ал Жыргалаң суусунан өтүп жатканда аттан жыгылып сууга аккан", - дешет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.