super.kg logo

Дүйнөгө белгилүү "Туран" ансамбли Түркияда эл аралык фестивалды шаңга бөлөдү

 

Дүйнөгө белгилүү казакстандык “Туран” этно-фольклордук музыкалык ансамбли Түркиянын Мерсин шаарынын Торослар аймагында өтүп жаткан эл аралык музыкалык фестивалга катышты. Торослар муниципалитетинин мэри Атсыз Афшин Йылмаз фестивалга атайын чакырылган казакстандык топ менен сахнага чыгып, Анаюрт гимнин ырдады.

Гимнди баары бир добуштан ырдап, концерттеги “казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, уйгур, татар, азербайжан, каракалпак, баарыбыз бир тууган, бир элбиз” деген сөздөр кечени шаңга бөлөдү.

Шаар мэри Атсыз Афшин Йылмаз “биз мындан ары да социалдык, саясий, экономикалык жана маданий катышыбызды Түрк мамлекеттер уюмуна активдүү катышуу аркылуу өнүктүрүшүбүз керек", - деп билдирди.

Концерттен кийин мэр “Туран” ансамблине ыраазычылык билдирип, өзгөчө белек тапшырды. Анда топтун мүчөлөрүнө 2 күмүш тыйын ыйгарды.

“Бул күмүш тыйындар менин жеке коллекциямдан. Мунун бири Казакстан Республикасынын 30 жылдыгынын урматына даярдалган. Бул тыйында “Түрк” деп жазылуу, биз үчүн абдан кымбат тыйындар. Экинчи тыйын Гунн мамлекетине караштуу”, - деди шаар мэри.

“Туран” ансамбли да шаар жетекчисине ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: