"Ажылыктагы зыярат жөнүндө түшүнүк берилип жаткан". Милиция Кадамжайдагы бала бакчадагы видео тууралуу үн катты
Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы бала бакчада балдардын Каабанын макетин айланып баскан окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-май күнү Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында болгон.
"Орозо айтка карата балдарга ажылык сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берген ачык саат уюштурулуп, Каабанын макетин айланып келме айтышкан учурду тарбиячы видеого тартып, ата-энелерге отчёт иретинде жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда бала бакчада наристелер келме айтып, Кааба ташынын макетин айланган видео талкуу жараткан.
Бала бакчадагы көрүнүш талкууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.