super.kg logo

"Мурутчан агай" болуп таанылган Нурсултан Курсанали уулу кырк жылкылуу болду

 

Көпчүлүккө "мурутчан агайдын" образы менен таанылган актёр Нурсултан Курсанали уулу кырк жылкылуу болду. Анын жубайы бүгүн, 2-июнда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.

Нурсултан мырзаны куттуктап байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.

"Кыз бала аябай назик болот экен. Бармагына да тие алган жокмун, оорутуп же зыян келтирип албайын деп. Кызым атасын тартып "аппак" экен, келбети азырынча уулума окшошуп жатат. А мүнөзү апасына тартты окшойт, оор басырыктуу, тынч эле жатат. Уулум чыр болчу.

Азыр жубайым менен кызымдын акыбалы жакшы. Ысымды тай тарабы тандайт, алар кандай тандоо жасаганын билбейм", - дейт маңдайы жарыла кубанган актёр.

Ошондой эле Нурсултан Курсанали уулу 9 ай бою кыйынчылыктарга чыдап наристени жарык дүйнөгө аман-эсен алып келген келинчегине да ыраазычылыгын кошумчалады.

Нурсултан Курсанали уулу "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу катары белгилүү.

Ал сүйүктүүсү Диана менен 2018-жылдын октябрь айында баш кошкон. 2019-жылы түгөйлөр Алим аттуу уулдуу болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: