Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 12-отуруму башталды
Ташкентте бүгүн, 29-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 12-отуруму башталды. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Учурда өкмөт башчылар тар чөйрөдө жыйын өткөрүүдө. Мындан кийин кеңейтилген форматта жыйын өтүп, өкмөт башчылар ШКУга мүчө мамлекеттердин мындан аркы соода-экономикалык, гуманитардык байланышын бекемдөө темасында талкуу жүргүзөт.
Айта кетсек, жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган делегация да катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

