super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев Балбак Түлөбаевге: "Талтайбай жүрүңүз" (видео)

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балбак Түлөбаевге "талтайбай жүрүңүз" деди. Анда Балбак Түлөбаев адилеттүүлүк үчүн кээде кыйшайып кеткен учурлар болорун айтат.

"Депутаттарга эле кыйын болду, тиги жактан Адахан Мадумаров урушат, бул жактан Камчыбек Ташиев урушат, акелерим... Эч нерсе эмес, ынтымактуу болсок баары жакшы болот", - деди. Ал арада Камчыбек Ташиев: "Ошол үчүн талтайбай жүрүңүз, бир тарапта турсаңыз ошондо эч ким урушпайт", - деди.

Буга Балбак Түлөбаев өкмөт тараптамын деп жооп берди.

"Мен дайыма өкмөт тараптамын, билесиз. Кээде адилеттүүлүк үчүн бутубуз кыйшайып кетет. Эч нерсе эмес, оңолобуз, оңолобуз. Кээде Адахан Кимсанбаевич менен урушуп да кетем, өкмөттүн таламын талашып", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: