"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Караколдо эл менен жолугушуу өткөрүүдө



Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бүгүн,
29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу
өткөрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Бактыбек Калмаматов
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жергиликтүү эл менен жолугушууга депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия
Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Гүласал Садырбаева да
катышууда.
Депутаттын айтымында, чогулушка облус тургундары келишти. "Кумтөр" маселеси каралууда.
Эске салсак, Жети-Өгүз районунун тургундары 7-октябрда митингге чыгышып, "Кумтөрдү" улутташтырууну талап кылышкан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

