super.kg logo

Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевдин "талтайбай жүрүңүз" деген сөзүнө жооп берди

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп берди.

Буга чейин ушул эле жыйында Камчыбек Ташиев Балбак Түлөбаевге ар дайым бир тарапта болушу керектигин айтып, "Талтайбай бир тарапта турсаңыз эч ким урушпайт" деген.

"Мен ар дайым эл тараптамын. Бүгүн социалдык тармактарды карасаңар "Камчыбек Кыдыршаевич Балбакты мындай урушту, тигиндей урушту, талтайба деди, көтөрүп чапты, тепти" деген сөздөр айтылып жатат. Талтаюу деген сөздүн экинчи мааниси бул калыстык деген сөз. Мен ар дайым эл тарапта жана Садыр Нургожоевич тараптамын деп башынан бери айтып келе жатам. Садыр Нургожоевичтин командасы силерсиңер, мен силер мененмин. Бул менин позициям, мындан тайган жокмун, талтайган жокмун. Адахан Кимсанбаевичтин тарапташтары "Оо Балбак "Бүтүнгө" (ред. "Бүтүн Кыргызстан") кошулду деп жатат. Кошулган жокмун. Мен Садыр Жапаровдун жанында калгам, ошол бойдон калам", - деди Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: