super.kg logo

Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышы (фоторепортаж)

 
К.Акиевдин фотодокументтери,колдонгон буюмдары, ыр жыйнактары, ал тууралуу жазылган китептердин баары бир бөлмөдөн орун алды.
Көргөзмөгө акындын небереси Роза Акиева катышты
Көргөзмөгө келген коноктор
Көргөзмөгө келген коноктордун арасында студенттер да болушту.
Көргөзмө жаңы жылга чейин уланат.
Коноктор үчүн чакан концерттик программа уюштурулду.
Коноктор үчүн чакан концерттик программа уюштурулду.
Кызыл лентаны кесүүгө даярдык.
Көргөзмөнү К.Акиевдин небереси Роза Акиева менен КРнын мамлекеттик тарых музейинин директору Анаркүл Исираилова ачып берди.
Калык Акиев сүрөттөрү.
Тарых музейинин кызматкери келгендерге Калык Акиевдин баскан жолу тууралуу баяндама жасады.
Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналган көргөзмөнүн коноктору.
Калык Акиевдин комузу.
Көргөзмөдөн төкмө акындын камчысын да көрүүгө болот.
Калык Акиевдин айкели.
Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр бул дептерге өз ой-пикирлерин калтыра алышат.
Бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинде кыргыз элинин атактуу төкмө акыны жана комузчусу Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналган “Залкар төкмө акын, комузчу” аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Анда Калык Акиевдин фотосүрөттөрү, ырлар жыйнактары, комузу, кемер куру, камчысы жана улуу төкмө акын тууралуу жазылган китептер коюлду. 
Көргөзмөгө төкмө акындын туугандары, өнөр адамдары, кыргыз тарых музейинин кызматкерлери жана студенттер катышты.Көргөзмөнү уюштуруу аракети КРнын мамлекеттик тарых музейинин, КРнын мамлекеттик борбордук архиви жана КРнын улуттук китепканасынын кызматкерлери тарабынан ишке ашкан. Андагы айрым буюмдарды музейге Калык Акиевдин туугандары беришкен. Бул көргөзмө жаңы жылга чейин уланат.
Белгилей кетсек, кыргыз акындар поэзиясынын тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген чебер комузчу жана төкмө акын Калык Акиев (1883-1953) Жумгал районуна караштуу Кара-Ой деген жерде туулган. Ал 14 жашынан тарта элдин оор турмушу тууралуу ырларды чагылдыра баштаган. Чыгармачылыкта анын устаты, ыр ырдоодо ага ар кыл ыкмаларын үйрөтүп, туура багыт берген Токтогул болгон. Токтогул менен болгон “Саламдашуу”, “Карымшактыкындагы ыр”, “Анжыян тарабында”, “Бакачы дыйкан Кебекчи”, “Коштошуу” аттуу алым сабак айтыштары бар.
 Мындан тышкары акындын айтуучулук шыгы “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Кедейкан” эпосторунан, “Ак мөөр”, “Карагул ботом”, “Өмөр жана Болот”, “Бир асыл”, “Карач дөө”, “Өлбөс баатыр”, “Шырдакбек” аттуу эпикалык поэмалары менен дастандарынан көрүнгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: