super.kg logo

Өлкөдө жыл башынан бери 5 массалык уулануу катталды

 

Өлкөдө жыл башынан бери 5 массалык уулануу катталды. Бул туурасында маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттыкты сактоо жана коопсуздук департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана алиментардык оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчиси Азамат Имакеев билдирди.

Анын айтымында, уулануудан 117 адам жабыркаган.

"Ысык-Көл облусундагы мектептердин биринде "Алиппе" майрамы өткөрүлгөн. Анда Балыкчыдан кондитердик дүкөндөн таттуу токоч алып келип жешкен. Анын негизинде уулануу катталган болчу. Экинчиси Ош облусунун Кара-Суу районунда таттуу токочтон массалык уулануу болду. Андан жалпы 56 адам жабыркаган. Ошондой эле Сүлүктү шаарында тойдо массалык уулануу катталган. Кадамжайда 5 мектеп окуучусу ууланган. Мындан тышкары Бишкек массалык уулануулардын бири Бишкек шаарында катталган. Аларга лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн", - деди Имакеев.

Мындан тышкары ал профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында адистер соода-сатык жайларында текшерүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: