Ысык-Көл: Жергиликтүү тургундар депутаттардын саны боюнча сын айтышууда
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бүгүн,
29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу
өткөрүп жатышат. Жергиликтүү тургундар депутаттарга Жогорку Кеңештин түзүмүнө
карата сын-пикирлерди айтышууда. Алар "Депутаттар, эмне үчүн 13-айлык маяна
алабыз деп жатасыңар? Эмне, акчадан кыйналып жатасыңарбы? Депутаттардын саны 120, көп. 60 эле болсо болбойбу? Канчалык көп болсо, чукушмай да ошончолук көп болот" деген оюн айтышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

